БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюлгандан кийин Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов билдирүү жасашты.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы:
Биз чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук, андан ары президенттердин кол коюусуна бир нече документтерди даярдадык: чек ара келишими, суу-энергетикалык объектилер боюнча келишим, жол кесилишин пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу боюнча келишим.
Бүгүн чек араны макулдашуу маселесин толук чечтик.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук төрагасы Саймумин Ятимов
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Тажикстандын Улуттук коопсуздук төрагасы:
Бүгүнкү күндө парафировкаланган эң маанилүү тарыхый документ — республикалардын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү келишим;
Татаал иш логикалык жыйынтыкка жеткирилди. Келишим ишке ашса эки боордош республиканын чек ара маселесине байланыштуу 100 жылдан бери уланып келе жаткан талашка чекит коюлат. Бул тарыхый документтер биздин элдерибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылат.