Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасынын машыктыруучусу иштен бошотулду

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Футбол боюнча жаштар (U-20) курамасынын машыктыруучусу Сергей Пучков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга команданын Азия кубогундагы жеңилүүлөрү себеп болгон.
Жаштар курамасы анын кол алдында болгон кезде Азия кубогунда Австралияга 1:5, Кытайга 2:5 жана Катарга 0:4 эсебинде утулуп, Азия кубогунан четтеген.
Пучков менен бирге машыктыруучулар штабы дагы кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, Сергей Пучков 2024-жылдын декабрынан бери жаштарды машыктырып келген.
Быйыл Жалал-Абадда 5 200 кишиге ылайыкташкан спорт ордосу курула баштайт