БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстан Россияга айыл чарба продукциясынын бир нече түрүн экспорттой турганын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
"Жакында эле Россия Федерациясына картошка, капуста, сабиз, май сатуу боюнча тапшырма алдык. Россия менен тыгыз байланыштабыз. Бизден чыккан колбаса, дарбыз-коон, жемиштер толугу менен ушул өлкөгө кетет", — деди Керималиев.