БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Муфтият маркумдун сөөгүн жерге берүү боюнча жаңы фатва чыгарды. Ага ылайык, үчүлүк, бейшембилик, жетилик, кыркылык жана ашта мал союп, элге тамак-аш берүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле ысырапкорчулук болбошу үчүн "ак кийди", "көк кийди", "жыртыш" таратууга да болбойт. Маркумдун үйүнөн үч күн ичинде мал союлуп, казан асылбашы керек.
Ал эми мүрзөгө жупуну белги коюп, ага маркумдун аты-жөнү, туулган, каза болгон датасын жазууга уруксат берилип, таштан, граниттен, темирден эстелик коюуга болбой турганы жазылды.
Мындан тышкары, себеби жок сөөктү эки-үч күн кармоого болбой турганы, шарият боюнча жерге эртерээк берилиши керектиги айтылды.