БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Баткенде бир аялды өлтүрүп, өспүрүм кызга ыдык көрсөткөн деген киши кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Раззаков шаарынын 39 жаштагы тургуну 2023-жылдын 20-сентябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон.
Кылмыш иши козголуп, шектүү катары 33 жаштагы киши кармалды.
"Ал көрсөтмөсүндө жоголгон аял менен уруша кетип өлтүрүп алганын, аны кайда көөмп койгонун көрсөткөн. Милиция көрсөтүлгөн жерден сөөктүн калдыктарын таап, экспертизалар дайындалды. Ошондой эле ал киши кылмышын жашыруу үчүн аялдын телефону аркылуу анын туугандары менен жазышып турган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө да шектелүүдө.