БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. 2025-жылдын ортосунда Евразия экономикалык биримдиги менен Бириккен Араб Эмирликтеринин эркин соода аймагы боюнча келишимге кол коюшат. Бул тууралуу РФтин биринчи вице-премьери Денис Мантуров билдиргенин РИА Новости жазды.
"Келишим ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен толук макулдашылды. Учурда ички процедуралар жүрүп жатат, ага жылдын ортосунда кол коюуга болот", — деди Мантуров.
Былтыр Россиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин башчысы Максим Решетников министрлик ЕАЭБдин, БАЭнин жана Индонезиянын ортосунда 2025-жылы эркин соода аймагы боюнча келишимдерге кол коеру күтүлүп жатканын билдирген.
БАЭ менен эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 2022-жылдын декабрында кабыл алган. 2023-2024-жылдары төрт ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.