22-февралга карата аба ырайы

22-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас аймактарында +11…+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…17, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8, Нарын жергесинде +1…+6 градуска чейин жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Орозо 2025. Ооз ачуу жана ооз бекитүү убактысы