Россияда 2025-жылы чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдар күчүнө кирип жатат. Ага ылайык, ал жакта жүргөн башка өлкөнүн жарандарына талаптар күчөтүлгөн. Алардын айрымдарына токтолсок, чет өлкөлүктөргө Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскарган, ички иштер органдарынын чет өлкөлүк жарандарга карата айрым укуктары кеңейди. Жыл башынан тарта ушул жана башка өзгөрүүлөр кирүүдө.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында бул жаатта болуп жаткан өзгөрүүлөр, мыйзамдардын мазмуну тууралуу кеп кылдык. Суроолорубузга Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров жооп берди.