БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган коллекциялык күмүш монета чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, "Улуу Жеңишке – 80 жыл" аталышындагы тыйындар 10 сом номиналында (800 даана) чыгарылат.
Мындан тышкары, "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" 500 нускада, "Тушоо кесүү" 1000 нускада чыгып, күмүш монеталар коллекционерлерге сунушталат. Булардын да номиналы 10 сом болот.
Башкы банк өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн экенин кошумчалады.