БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. АКШ Украина боюнча түзүлө турган тынчтык келишимине эгер Россия шартты буза турган болсо, Киевдин НАТОго автоматтык түрдө мүчө болушу каралган жобо киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу америкалык аткаминерлерге таянуу менен NBC телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.
"Тынчтык келишимине кепил болчу шарттардын бири катары АКШ Россия макулдашуунун тартибин бузса Украинага автоматтык түрдө НАТОго мүчө болуу укугун берүүнү карап жатат", — деп айтылат телеканалдын маалыматында.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ президенти Владимир Путин Украинанын НАТОго мүчө болушу Россиянын коопсуздугуна коркунуч туудурарын, дал ушул кооптуулук атайын аскердик операцияга себеп болгонун айткан эле.