Соода борборго бомба коюлду деп жалган маалымат айткан адам кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Ага ылайык, шектүү кечээ 20:03тө 102 кызматына чалып Asia Mall соода түйүнүнө бомба коюлганын кабарлаган. ИИМдин кинологиялык кызматы соода борборун текшерип, жардыруучу зат табылган эмес.
Факт боюнча "Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо" беренеси менен иш козголуп, 34 жаштагы А.И. кармалган.
Милиция мындай кылмыш үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын кошумчалады.
Бишкекте 12 жашар кызды машинасы менен коюп качып кеткен өспүрүм кармалды