Майыптар менен балдарга жасалган сексуалдык зомбулук үчүн жаза катаалдады

Өспүрүм кыз үйдө ыйлап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Майыптар менен балдарга жасалган сексуалдык зомбулук үчүн жаза катаалдады. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 23-январда кабыл алынган.
Ага ылайык, майыптарды зордуктагандарга, аларды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге түрткөндөргө эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ошондой эле алар айрым кызматтарга өмүр бою алынбайт. Анын ичинде кылмыш жасоо учурунда 60 жашка толгондордун жоопкерчилиги жеңилдетилбейт.
Буга чейинки Кылмыш-жаза кодексинде аялдарга, 18 жашка чыга элегинде кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай турганы каралган. Бирок жаңы мыйзамда бул норма өзгөртүлүп, педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү белгиленген. Эми ага майыптардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар кошулду.
Майып адам ноутбук менен иштеп жатат. Архив
Токмокто интернат жетекчилери майыптарды иштетип, айлыгын өздөрү алып турган