Ноокатта окуучу кызды классташы сабаган. Билим берүү бөлүмү үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ноокатта окуучу кыз классташынын мурдун сындырган. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тараткан маалыматта айтылган.
Ага ылайык, 19-февралда 10-класстын окуучусу сабалган.
"Кызматтык териштирүү жүрүп, жыйынтыгы менен тиешелүү мугалимдерге эскертүү, мектептин директоруна, окуу бөлүм башчысына, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына сөгүш берилди", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин соцтармакта Ноокат районунун "Көк-Жар" инновациялык билим берүү комплексинде 10-класста окуган кыздын энесинин кайрылуусу тараган. Ал кызын классташы кемсинтип, мугалим сабак учурунда класстан чыгып кеткен маалда ур-токмокко алып, мурдун сындырганын айткан.
Учурда бул боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Барскоондо 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, 9 күндөн кийин каза болду