БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Киев сейрек кездешүүчү металлдар боюнча АКШ менен макулдашылган келишимди бузду. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Майамиде өткөн инвестициялык саммитте билдиргенин РИА Новости жазды.
Жыйынды Ак үй түз алып көрсөткөн.
"Сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашуубуз бар эле, алар аны эки күн мурун бузушту", — деген президент.
Трамптын айтымында, Зеленский АКШны жеңип чыгууга мүмкүн болбогон тирешүүгө 350 миллиад доллар жумшоого көндүргөн. Америкалык президент Европа бөлгөн акчасы үчүн кандайдыр бир кенемте алса, АКШ жөн эле каражат бөлүп келгенин белгиледи.
Аталган макулдашууга кол койбой, Киев бийлиги АКШнын финансы министри Скотт Бессенттин шагын сындырганын, өзүнүн келишимди жандандыруу ниети бар экенин кошумчалаган.
Эскерте кетсек, февралдын башында АКШ президенти Вашингтон Киевден каржылык жана аскердик колдоосу үчүн сейрек кездешүүчү металл жөнөтөрү боюнча кепилдик күтүп жатканын билдирген. 14-февраль күнү Washington Post гезити конгрессмендерге таянуу менен америкалык аткаминерлер Мюнхенде Зеленский менен жолугуп, АКШга Украинанын казып алына элек минералдык ресурстарынын 50 пайызын алууга укук берген документке кол коюуну сунушташкан. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске кол коюудан баш тартканын айтканын жар салган.