Дыйкандарга үч миң тонна дизель арзан баада сатылат

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Дыйкандарга үч миң тонна дизель майы арзан сатылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл жазгы талаа иштерине жалпы 42,2 миң тонна дизель, 12 миң тонна бензин керектелет.
"15-январда министрлик менен түзгөн келишимге ылайык, Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздайт. Ошону менен бирге талаа жумуштарында дыйкандарды колдоо максатында үч миллион литр дизель 65 сомдон сатылууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик дыйкандар буудай, арпа, күрүч жана тамекинин үрөнү менен 90 пайыздын тегерегинде камсыздалганын кошумчалады.
ЕАЭБ өлкөлөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт