БИШКЕК, 20-фев — Sputnik. Батыштын Африкага кол сунууга акысы жок. Мындай пикирин РФтин Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Эфиопияда Sputnik редакциялык борборунун ачылышында айтканын РИА Новости билдирди.
Ал континенттин жашоочулары келечектеги жолун өзү тандашы керектигин белгилеген.
"Алардын (Батыш өлкөлөрү — ред.) Африкага эч кандай акысы жок. Башкысы, африкалыктардын өздөрү укугун жоготуп албашы керек. Эгемендүүлүгүн сакташы шарт. Себеби алар эркиндигин болуп көрбөгөндөй кыйынчылык менен алышкан, көз карандысыздык — алар үчүн өзгөчө баалуулук", — деген Матвиенко "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев менен жаңы ачылган эфиопиялык борбордо маектешип жатып.
Африка мамлекеттери Батыштын жасаган кылмыштары үчүн кенемте талап кылышы керектигин кошумчалады.
"Бул тема эл аралык аянтчаларда арбын көтөрүлүп келет. Туура чечилсе, адилеттүүлүк болмок", — деген Федерация кеңешинин төрайымы.
Эске салсак, кечээ Sputnik Эфиопиянын борбору Аддис-Абебе шаарында редакциялык борборун ачты. Киселев бул Россиянын маалымат агенттигинин бардык медиамүмкүнчүлүктөрү менен камсыз болгон, жергиликтүү ММК лицензиясы менен иштеген, жергиликтүү журналисттерден турган редакция болорун айтты.