Бүгүн болсо “Стоп-кадр” уктуруусунда биз март айынан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштачу “Көз ирмем” тасмасы тууралуу кеп кылабыз. Ааламдашуу доорунда жеке баалуулуктар алдыга чыгып, үй бүлө, жамааттык түшүнүктөрдү канчалык бир деңгеээлде жерип турган чагыбыз. Бирок, жаратылыштын мыйзамы менен бул баалуулуктар өз актуалдуулугун дайыма жоготпой келерин көрүп жатабыз. Өзгөчө салттык мүнөздө жашоо кечирген коомдо үй-бүлө баалуулуктары маанилүү ролду ойнойт. Режиссер Алмаз Жангазиевдин айтымында, тасмада дал ушул тема чагылдырылат.