Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгы белгиленет. Бул тарыхый датага республикалык деңгээлде олуттуу көңүл бурулуп, даярдык иштери жүрүп жатат. Кыргыз тарыхында орчундуу орду бар мындай окуя тууралуу жаштардын жөн гана маалымат алуусу эмес, алардын аралашуусу маанилүү кадам. Муну өлкөнүн Улуттук университетинин Тарых институту колго алган. Институт жана Россиянын “Звезда” каналы 11-класстар арасында “Улуу жеңишке 80 жыл” темасынын алкагында олимпиада өткөрүүдө. Олимпиада 2-этаптан турат. Ага бардык каалоочу 11-класстын окуучулары катыша алышат. Балдар үчтөн болуп команда түзүшү шарт жана ар бир команданын жетекчиси болуп бирден мугалим бекитилет. Кененирээк бул маектен угуңуз.