БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу, адистештирилген транспорт жана жабдуу чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев кабарлады.
Маалыматка ылайык, курулушка 44 миң 800 чарчы метр жер тилкеси бөлүнгөн.
Текебаев курулуш иштери толугу менен башталып, жакын арада өндүрүшкө керектүү жабдуулар орнотуларын белгиледи.
Долбоор ишке кирсе 500гө жакын адам жумуш менен камсыз болот.