БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандан туз сатып алууну бир нече эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматынан белгилүү болду.
Өткөн жылы өлкөдөн 706,5 тонна туз экспорттолгон.
Сатып алуучулар:
Казакстан — 616,5 тонна;
Россия – 88,9 тонна;
БАЭ – 1,1 тонна.
2023-жылы өлкө 229,8 тонна туз экспорттогон.