Өкмөт маркумду көмүү, мүрзөгө эстелик орнотуу тартибин бекитти

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети маркумду көмүү жана мүрзөгө эстелик орнотуу тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттөн маалымдашты.
Анда төмөнкүлөр сунушталган:
адамдын тутунган динине жана социалдык абалына карабастан маркум жаткан жайдын үстүнө эстелик, монумент, статуяларды орнотуп, гранит, мрамор жана башка кымбат баалуу таштардан, темирлерден тосмолорду койбоо сунушталган.
мүрзөнүн үстүнө коюла турган эстеликтин бийиктиги 70 сантиметрден жогору болбошу кажет.
өтө зарыл болбосо бейитти тосмолобоо сунушталат;
зарылдыгына карап, ысырапкорчулукка жана ашыкча чыгымга жол бербей, жыгачтан же башка чирибес материалдардан жөнөкөй тосмо жасаса болот.
Документ "Сөөк коюу жана сөөк коюу иштери жөнүндөгү" мыйзамды, президенттин "Кыргыз Республикасынын "Сөөк коюу жана сөөк коюу иштери жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышы боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруу жана маркумду көмүү, мүрзөгө эстеликтерди орнотуу маселелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам кабыл алынды