Кремлден Путин менен Трамптын жолугушуусу үчүн эмне жасалышы керектигин айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуусу үчүн тышкы иштер министрликтеринин багыты боюнча даярдык керек. Бул тууралуу РФ өлкө башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Кремлдин өкүлү Россия менен АКШнын алакасы кайра карап чыгууга муктаж экенин, мамиле Американын мурунку администрациясы тарабынан атайылап бузулуп келгенин белгиледи.
"Россиянын АКШ менен сүйлөшүүнү улантууга көз карашы оң. Алгачкы кадам жасалды, эми байкаларлык жыйынтыгын күтүү керек. Эки өлкөнүн мамилесин бир күндө же бир аптада жөнгө сала коюу мүмкүн эмес, узак жолду басып өтүшүбүз зарыл", — деди Песков.
Эки лидер февралдын аягына чейин жолугушу мүмкүнбү деген суроого Песков "жолугушу да мүмкүн, жолукпай калышы да ыктымал" деп жооп берген.
Ал Россия менен АКШ делегацияларынын жолугушуусу Украина жаңжалын басууга карай олуттуу кадам болгонун белгилеп, шайлоо өткөрүү боюнча чечим Вашингтондо же Россияда эмес, Украинада кабыл алынышы керектигин кошумчалаган.
Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Россия менен АКШнын президенттери телефондон 1,5 саат сүйлөшүп, натыйжада 18-февраль күнү эки өлкө делегациялары Эр-Риядда жолугушкан. Анда негизинен Москва менен Вашингтондун мамилесин жөнгө салуу, Украина боюнча болушу мүмкүн делген сүйлөшүүлөр тууралуу кеп болгон. Дүйнөлүк коомчулукта бул жолугушуу эки ири державанын ортосундагы "муздун эрий" башташы катары кабылданууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Эр-Рияддагы жолугушуу, Украинадагы шайлоо тууралуу пикирин айтты