Бишкекте УКМК сот аткаруучуларын жыйын учурунда кармап кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ленин райондук соттук аткаруучулар кызматынын айрым өкүлдөрү уюштурган туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, сот аткаруучулар: капитан А.А.А. жана лейтенант М.Т.С. жарандардан түрдүү жолдор менен акча талап кылууга шарттарды түзүшкөн.
"Жарандык талаш-тартыштарды кароонун жыйынтыгы боюнча сот чечими тараптардын биринин пайдасына чыгарылат. Бирок А.А.А. менен М.Т.С. бул процессти создуктуруп, аларга мыйзамсыз акчалай сыйлык берилмейинче өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышкан эмес. Бүгүнкү күндө коррупционерлерге реалдуу жазадан качууга мүмкүндүк берген жеңилдетүүчү нормалар жоюлган. Андыктан кармалгандар жасаган коррупциялык кылмыштары үчүн катуу жазага тартылышат", — деди атайын кызмат.
Аталган кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча тергөө абагына камакка алынды.
Ири суммада пара алууга шектелип Ленин райондук сотунун судьясы кармалды