БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкекте 12 жашар кызды машинасы менен коюп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ЖКККББ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 16-февраль күнү түш ченде болгон.
"17 жаштагы айдоочу 12 жаштагы кызды Салиева менен Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде "Нива" унаасы менен коюп кеткен. Жабырлануучу жаракат алып, ооруканага түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Экспертиза дайындалып, унаа айып короого токтотулганы кошумчаланды.