Депутат өкмөттү коммуналдык кызматтардын тарифин карап чыгууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев министрлер кабинетинен коммуналдык кызматтардын тарифтерин карап чыгууну суранды.
Ал парламенттин жыйынында жарандарга коммуналдык төлөмдөрдү төлөө оор болуп жатканын белгиледи.
"Мага Бишкек шаарынын тургундары кайрылып жатышат. 2024-жылы лифт, муздак жана ысык суу, жылуулук, таштанды чыгаруу, электр энергиясы үчүн тарифтер өскөн. Өткөн жумада ишкерлер менен жолуктум. Алар коммерциялык тариф боюнча 40-50 миң сомго чейин төлөп жатышканын, мындан улам жылытуудан баш тартууга даяр экендигин айтышты", — деди депутат.
Бекешев министрлер кабинетин тарифтерди анализдөөгө чакырды.
"Бөлүп төлөө же тарифтерди арзандатуу жөнүндө ойлонушубуз керек. Шаардыктарга абдан кыйын болуп жатат. Бардык коммуналдык кызматтардын баасын бир учурда жогорулаттык. Мен прокуратурага кошуп жазып коюу боюнча кайрылгам, ал бирдиктүү электрондук төлөмгө өтүүгө байланыштуу мындай фактылар бар экенин тастыктады. Мэриянын жетекчилигине мыйзам бузууларды жоюу тапшырмасы берилди", — деди Бекешев.
Министрлик 2030-жылга чейин электр энергиясына тариф канча кымбаттаарын айтты