Asman airlines авиакомпаниясынын учагы Кербенге техникалык рейс жасады

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкектен Аксыдагы Кербен шаарына алгачкы аба каттамы аткарылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн "Асман аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы алгачкы техникалык учуу жасаган.
Эске салсак, бул багыттагы каттам 1-марттан тарта ишке кирет. Рейстер ар жуманын ишембисинде аткарылат.
Радио
Жаманкулов: Жалал-Абад туризм тармагында мааниси артчу шаар