Бишкекте кайсы көчөттөр отургузулса аба тазарары айтылды

Бишкектин борборундагы Революция аянтынын дрондон көрүнүшү. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Адистер Бишкек шаарына кара бак, гледичия, эмен, зараң, липа сыяктуу жалбырактуу дарак менен бадалдарды отургузууну сунуштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сунуш "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын жана Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери, Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын жашылдандыруу боюнча алдыңкы адистери тарабынан жасалган.
"Бүгүнкү күндө жалбырактуу дарактар шаардык чөйрөдө ийне жалбырактуу дарактарга караганда бир катар олуттуу артыкчылыктарга ээ. Биринчиден, алар абаны тазалоочу табигый чыпка катары кызмат кылат. Жөнөкөй келип, ысык мезгилде айлана-чөйрөнүн температурасын төмөндөтүүгө жардам берет", — деп жазылган маалыматта.
Бишкектеги Ала-Арча дарыясы. Архив
Бишкектеги Ала-Арча суусунун жээгин бойлой сейил бак куруу пландалууда