Бишкекте айланма жолду кеңейтүү иштери башталды. Видео

Айланма жолду кеңейтүү үчүн жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда.
Sputnik
Узундугу 33,4 чакырым жолду алты тилкеге чейин кеңейтип, тротуар жана байламта жолдорду куруу пландалууда.
Бул жол менен шаардыктар Дордой базарына барса, уландысы Бишкек — Торугарт трассасына кошулат. Жолду кеңейтүү үчүн 300дөн ашык мыйзамсыз курулуш алынып, трасса жээгине тротуар түшөт.
Транспорт министрлиги быйыл 15 чакырым жолду асфальттоону пландап жатат.
Жолду Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясы реконструкциялайт.
Тема боюнча:
Кыргызстандагы эң чоң стадион кантип курулууда. Видео