NASA: 90 метрлик астероид 2032-жылы жерге урунушу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. 90 метрлик астероид 2032-жылы Жерге урунушу мүмкүн экенин Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгы (НАСА) билдирди.
Анын айтымында, 2024 YR4 астероиди менен кагылышуу ыктымалдыгы акыркы айларда 3,1 пайызга чейин өскөн. Буга чейин АКШнын космос агенттиги кагылышуу ыктымалдыгы 1 пайыздан 2,3 пайызга чейин жогорулаганын билдирген.
2024 YR4 астероиди 2024-жылдын декабрынын аягында табылган. Анын диаметри Челябинск метеоритинин диаметринен 3-4 эсе чоң.
30-январда НАСА бул Жер менен кагылышуу мүмкүнчүлүгү 1 пайыздан ашкан жалгыз астероид экенин жарыялады. 2024 YR4түн диаметри 90 метрге жетиши мүмкүн.
Космостун түпкүрүнөн тартылган таң калычтуу сүрөттөр