20-февралга карата аба ырайы

20-февралда күндүз өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бейшембиде республиканын айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарын чөлкөмүндө 0…5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +8…+10, Ош шаарында +10…+12 градусту көрсөтөт.
Күн 25 градуска чейин ысыйт. Мартка карата аба ырайы