Бардык эле тармактарда, анын ичинде медицинада кыргыз адистеринин чет өлкөлөрдө эмгектенип, уникалдуу иштерди жасаганы бир чети сыймык болсо, бир четинен жоопкерчилик. Ушундай адистерибиздин бири Түркияда ортопедиялык клиникалардын биринде эмгектенген Бакыт Керекулов. Ал жанчылып, талкаланып, адатта медицинада кесүүгө туура келип калган органдарды калыбына келтирип, Кыргызстандык эле эмес, Түркиялык да медиктерди таң калтырып келет. Мекенге келип, бир буту экинчисинен кыска болуп төрөлүп калган тубаса кемтиги бар балдарга оперция жасап, аларды бутуна койгону бир эле ата-энелери үчүн эмес, дарыгердин өзү үчүн да абдан кубанычтуу окуя болуп турган учуру. Анткени чүрпөлөр чет мамлекеттерден бир топ оор операциялардан өтүшүп, органимздери жабыркап турган учурда жасалган.
Деги эле ортопедия менен микрохирургияны айкалыштыруу канчалык мүмкүн, кененирээк коногубуз өзү айтып берди.