Жазында жер кыртышы бошоп, жер көчкү түшүү, сел жүрүү коркунучтары пайда болот. Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүгүнө, тоолуу аймакта жайгашкандыгына байланыштуу мындай кооптулук бар. Бүгүнкү “Ачык кеп” программасынын алкагында жаз-жай мезгилиндеги табият кырсыктарын алдын алуу иштери тууралуу маектештик. Анткени бир нерсенин кесепетинин жойгондон көрө алдын алган жеңил болот деген кеп бар.
Биздин суроолорубузга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Чыңгыз Ногойбаев жооп берди.