Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуудолбоорлорду каржылоого сынак жарыялады. Сынак жаштардын социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоо жана өнүктүрүүмаксатын көздөйт. Ишке ашыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 1-декабрына чейин. Сынактын гранттык максималдуу суммасы 1 000 000 сом. Анын 15 пайызга чейинкисин максималдуу административдик чыгымдар түзөт. Бул сынак 2023-жылы башталып, бүгүнкү күндө сынактан утуп чыккан жети долбоор туруктуу иштеп келе жатканын Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясатын жүргүзүүбашкармалыгынын жетекчиси Аскар Шайкидинов маалымдады.