ЕАЭБде өткөн жылы жумушсуздук 18 пайызга азайды - бул көрсөткүчтүн Кыргызстанга таасири кандай?

Sputnik
Жумуш орундарды түзүү, элди жумуш менен камсыздоо дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө орчундуу маселелердин бири. Бул жаатта ар кандай ыкмалар колдонулуп, тынбай аракеттер жүрүп келет. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында биздин өлкөдө элди жумуш менен камсыздоо жаатындагы абал жана ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногу менен кызматташуу тууралуу маек кылдык. Биздин суроолорубузга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун башкы адиси Эсенбек Эргешов жооп берди.