ЕАЭБ өлкөлөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди.
Ал "Россиялык бизнес жумалык" интеграциялык форумунун алкагында өткөн "ЕАЭБ 2030-жылга чейин: бизнес менен бийликтин ортосундагы өз ара кызматташуунун максаттары, механизмдери, чакырыктары" сессиясында өнөр жай жана агроөнөр жай чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстерди күчөтүү боюнча негизги багыттарды атады.
ЕЭК министри экономиканын реалдуу секторун каржылык колдоо механизмдерин иштеп чыгууга жана биримдик өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.
"Союз түзүлгөн 10 жылдын ичинде айыл чарба продукциясынын көлөмү 25,9 пайызга өстү. Азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыз кылуу 93 пайызга жетти", — деди ал.
Барсегян мамлекеттик органдар менен бизнес-түзүмдөрдүн кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, бизнес-өкүлдөр менен үзгүлтүксүз уюштурулган жолугушуулар биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эффективдүү аянтча болуп калганын белгиледи.
Ал кошумчалагандай, комиссия айыл чарба тармагындагы кооперацияга каржылык колдоо көрсөтүү механизми, критерийлери жана каржылоо булактары боюнча ишкерлерге байма-бай маалымат берип турат.
ЕЭК министри: ЕАЭБдеги соодалашууга бут тосуу аракети максатына жеткен жок