Президенттин атын жамынып ишкерди "тономок болгон" эки адам кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Садыр Жапаровдун "жээни, кеңешчиси болом" деп президенттин атын жамынган эки адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, А.А.А. деген адам өлкө башчынын атын жамынып ишкерден 50 миллион сомдук көмүр кенди чет элдик компанияга берүүнү талап кылган. Болбосо укук коргоо органдарындагы байланыштары аркылуу каматарын айткан.
Атайын кызматка бул боюнча арыз түшүп, президенттин атын жамынып жүргөн A.Ж.Э. деген дагы бир киши кармалды.
УКМК ушул сыяктуу окуялардан жапа чеккендер болсо 0312-62-05-85 номерине кабарлап коюуну суранат.
Ташиевдин уулунун атын жамынып ири өлчөмдө акча алган киши кармалды