План боюнча, ал 45 миң кишини батырмак. Бирок Азия футбол конфедерациясынын талабына ылайык, Азия кубогунун ачылыш аземин жана финалдык оюнун өткөрүү үчүн стадион 50 миңден кем эмес адам бата турган болушу керек.
Ошондуктан долбоорго дагы 6 миң орун кошуу чечими кабыл алынган. 2026-жылдын күзүндө стадион ачылганда 51 миң күйөрман батат. Буга чейин стадион боз үйгө окшош формада болору айтылган. Ал эми спорттук имараттын айланасында дүкөн, соода комплекстери жайгашары белгиленген эле.
Тема боюнча: