ТИМ: Россиянын Ленинград облусунда өрт чыгып, 5 кыргызстандык жаракат алды

Облустук оорукананын күйүк борборунда жаткан бейтап. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Россиянын Ленинград облусунда өрт чыгып, беш кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрт 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы кафеден чыккан.
Өрттүн кесепетинен Кыргызстандын беш жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алышкан. Анын экөө 17-февралда Ленинград облустук ооруканасына текшерүүгө жиберилген. Үчөөнө Гатчина ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.
Маселе Башкы консулдуктун көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Ооруканада тамчылатма менен баланын колу. Иллюстративдик сүрөт
Ооруканадагы өрттөн өспүрүм менен ымыркай көз жумган. Кылмыш иши козголду