БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлбөйт. Бул тууралуу вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев билдирди.
Буга чейин парламент спикери, вице-спикер баш болгон тогуз депутат шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Мындан улам коомчулукта "күздө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт" деген божомол тарап жаткан.
Сыдыгалиевдин айтымында, 2026-жылга белгиленген депутаттардын, андан кийинки президенттин шайлоосу өз убагында болот. Ошондой эле ал мыйзам долбоору гендердик балансты сактоого багытталганын белгиледи.