Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин рублдин курсу сомго теңелди

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандын айрым банктарында рублдин наркы сом менен теңелди.
Рубль орточо 98,4 тыйынга сатылып, 94,3 тыйындан сатып алынууда.
Көпчүлүк каржы-кредиттик мекемелерде сатуу 99 тыйынга чейин жетүүдө.
Рублдин курсу шаршембидеги Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин көтөрүлө баштаган.
Россия — АКШ алакасын жөнгө салууга карай кадам. Лавров менен Ушаков Эр-Риядга барат