Канаданын аэропортунда жүргүнчү ташыган учак кулап, оодарылып калды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Канаданын Торонто аэропортунда жүргүнчү ташыган учак кулап, оодарылып калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Delta airlines авиакомпаниясынын учагы кечээ конуп жаткан маалда кырсыктаган.
Кырсыктан кеминде 18 адам жабыркаганы кабарланды. Жергиликтүү ЖМКлар учак катуу шамалдан улам оодарылып кеткенин божомолдошууда. Өткөн аптанын соңунда Канадада катуу бороон болуп, көптөгөн рейстер токтотулган эле.
ТИМ: Россиянын Ленинград облусунда өрт чыгып, 5 кыргызстандык жаракат алды