Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттары реконструкцияланат

Токтогул ГЭСтин гидроагрегаты. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден гидроагрегаттары реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иштер Токтогулда 20-февралда, Үч-Коргондо 1-мартта башталат.
"Реконструкциядан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 1 440 мегаватт болот. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 мегаваттка көбөйөт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик реконструкциялоо учурунда ГЭСтердин кубаттуулугу кыскарарын, андыктан электр энергиясын үнөмдүү колдонууну өтүндү.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кемин районунда күн электр станциясынын курулушуна старт берди
Кеминде көмүр муктаждыгын 50 миң тоннага азайткан күн электр станциясы салынат