Ири суммада пара алууга шектелип Ленин райондук сотунун судьясы кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы 22 миң доллар пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү жарандык иш боюнча оң чечим чыгарганы үчүн акча алган. Буга М.С.А. аттуу жактоочу ортомчулук кылганы белгиленди.
1 / 2

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы 22 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

2 / 2

Маалыматка ылайык, шектүү жарандык иш боюнча оң чечим чыгарганы үчүн акча алган. Буга М.С.А. аттуу жактоочу ортомчулук кылганы белгиленди.

"Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алышкан.
Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Таласта жаңы жолдорду акча үчүн кабыл алып келген деп аткаминер кармалды