Баланы өз алдынчалуулукка канча жашынан, кантип үйрөтүү керек?

Sputnik
Балдарды өз алдынчалуулукка үйрөтүү — бул алардын тарбиясындагы негизги этаптардын бири. Өз алдынчалуулук балага өзүнүн турмуш жолун аныктоо жана ийгиликтерге жетүүгө жардам берет. Ошондой эле эрезеге жеткенде жоопкерчиликтүү, ийкемдүү жана өзүнө ишенген адам болуп чоңоет. Адистердин пикиринде, баланы өз алдынчалуулукка үйрөтүү мүмкүн болушунча эрте башталса натыйжалуу болот.
Бирок, ар бир бала уникалдуу болгондуктан үйрөнүү процесси алардын жеке өнүгүү темпине жана кырдаалдарга жараша болот. Мында ата-эне сөзсүз эң чоң роль ойнойт. Ал үчүн алар балага кандай мамиле, ыкмаларды колдонуу керектигин “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.