Кыргызстанда 1 жаштан 9 жашка чейинки балдардын арасында кызамык күч алууда

Sputnik
Негизинен кызылча, суу чечек жана кызамык ооруларынын белгилери окшош болгондуктан айрым ата-энелер айырмалай албай да калышы мүмкүн. Суу чечекте денеге чыккан бүртүкчөлөр сууланып турса, кызамык оорусунда кургак кызыл чекиттер моюндан, кулактан башталып ылдый денеге жайылат. Кызамык оорусу алгач дене табын көтөрүп башталгандыктан башында үйдө сасык тумоо катары дарылай беришет.
Программада врач-эпидемиолог Айчүрөк Макилова оорунун табияты, учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди.