БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда 5 200 көрүүчүгө ылайык келген спорт ордосунун курулушу башталат.
Капиталдык курулуш департаменти комплекстин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 20 миллион сомдук тендер жарыялады.
Талап боюнча, имарат, спорттук аянттар, бассейн, футбол, баскетбол, теннис, воркаут аянтчалары, чуркоого ылайыкталган жолдор салынышы керек.
Буга чейин комплекс үчүн 2,5 гектар жер бөлүнүп, курулушка 2,5 миллиард сом сарпталары айтылган. Курулуш иштери 2026-жылы бүтөрү пландалууда.