ЕЭК министри: ЕАЭБдеги соодалашууга бут тосуу аракети максатына жеткен жок

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. ЕАЭБдеги соодалашууну ыргагынан чыгаруу аракети максатына жеткен жок. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын соода министри Андрей Слепнев билдирди.
Анын айтымында, уюмдун ичиндеги соода жүгүртүү 10 пайызга, ал эми экспорт 1,2 пайызга өскөн.
"Сандар ЕАЭБдеги соодалашууну чектеп, бут тосуу аракеттери максатына жетпегенин көрсөтүүдө. Соода өнүгүп, бизнес алдыга жылып, өнөктөштөр менен кызматташуунун жолдору табылып жатат", — деди ал.
Былтыр мигранттар өлкөгө 3 млрд. долларга чукул акча которушкан