БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Былтыр чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине дээрлик үч миллиард доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, которулган каражаттын 2,7 миллиард доллары ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет.
Тагыраагы, 2024-жылы 2 миллиард 989,5 миллион доллар сырттан которулган. Анын 2 миллиард 790,5 миллион доллары Россиядан келген.
2023-жылы чет жактардан 2 миллиард 706,1 миллион доллар келсе, анын 2,6 миллиард доллары ЕАЭБге туура келген.