БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путиндин Украинадагы чатакты чечүү ниети бар, антпегенде бул АКШ үчүн ири көйгөйгө айланмак. Бул туурасында Америка лидери Дональд Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатканда айткан.
Анын видеосун Sputnik Ближнее зарубежье таратты.
"Гитлерди, Наполеонду жеңген Россия сыяктуу ири держава Украинадагы чатакты чечүүнү каалабаса, ал менин өзүм жана АКШ үчүн ири көйгөй болмок", — деген Трамп жакында Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү бардыгын журналисттерге айтып берип жатып.
Ал Путинди Украинадагы азыркы кырдаалды "тез" жөнгө салууну четке какпайт деп да кошумчалаган.
"Согушту токтотууну каалап турат деп ойлойм. Муну байкап жатам", — деп кошумчалаган Трамп.
Өткөн аптада РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон 1,5 сааттай сүйлөшкөндөн кийин Украинадагы согуш отун өчүрүү, кырдаалды жөнгө салуу боюнча арбын кеп айтыла баштады.
РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттер Россия, АКШ жарандарын алмашуу жана Украинадагы көйгөйдү чечүү боюнча кеп болгонун билдирген. Ал Вашингтон Украинадагы абалды жайгаруу боюнча бетме-бет сүйлөшө турган тарап экендигин кошумчалаган. Трамп көп өтпөй россиялык кесиптеши менен Сауд Арабияда жолугарын, президенттердин командасы жакын арада бул саммитти даярдай тургандыгын билдирген.