БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жол чарба департаментинин Талас аймактык бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталып, бөлүм башчы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, К.К.О. аттуу кызматкер облуста жол салуу иштерин эч нерсе дебей эле кабыл алуу үчүн жол эксплуатациялоочу ишканалардын ээлеринен мыйзамсыз акча алып турган.
"Бул жолду сапаттуу салуу иштерине терс таасирин тийгизген", — деди атайын кызмат.
Кармалган аткаминер Талас шаары боюнча ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.